Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:32

Дональд Трамп Ирландиянын өкмөт башчысы менен жолугушат


Дональд Трамп жана жубайы Мелани.
Дональд Трамп жана жубайы Мелани.

АКШнын президенти Дональд Трамп жана жубайы Мелани Британиядагы жана Франциядагы сапары маалында Ирландияга да барышат.

Трамп Ирландиянын премьер-министри Лео Варадкардын чакыруусун кабыл алды.

Трамп Ирландиянын Дунбег айылындагы гольф үчүн талаага ээлик кылат. Лео Варадкар менен Трамп Шеннон аба майданынын жанынан жолугушат.

3-5-июнь күндөрү Британиядагы мамлекеттик сапары маалында Трамп жана жубайы ханыша Елизаветанын коногу болушат. Ошондой эле Трамп Британиянын премьер-министри Тереза Мэй менен да жолугушат.

Франциядагы сапары маалында Трамп өлкөнүн президенти Эммануэл Макрон менен жолугушат.

XS
SM
MD
LG