Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:02

Алжирде миңдеген студенттер митингге чыгышты


Митингден бир көрүнүш. 21-май, 2019-жыл.
Митингден бир көрүнүш. 21-май, 2019-жыл.

21-майда Алжирдин баш калаасында миңдеген студенттер утурумдук президент Абделкадер Бенсалах менен өкмөт башчы Нуреддин Бедуинин кызматтан кетишин талап кылып нааразылык акциясына чыгышты. Жаштар эркин жана калыс шайлоону талап кылышты.

Президенттик шайлоо 4-июлга белгиленген, бирок өткөн аптада ал жылдырылышы мүмкүн деген кеп тараган.

Жыйырма жылдан ашуун бийликте турган президент Абделазиз Бутефлика өткөн айда элдик толкундоолордон улам кызматтан кеткен. Бирок эски системадан калган бардык аткаминерлердин бийликтен кетишин жана саясий реформалардын өткөрүлүшүн талап кылган демонстрациялар токтой элек.

XS
SM
MD
LG