Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:53

ФСБ: теракт жасоону пландаган эки киши жок кылынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Владимир облусунда теракт жасоону пландаган деп шек саналган эки кишини өлтүрдү.

«Экөө Владимир облусундагы Кольчугино шаарында контртеррордук операция маалында жок кылынды», деп айтылат ФСБнын маалыматында.

Владимир облусунда ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө теракт уюштурууну пландап жаткан эки куралдуу киши тууралуу маалымат түшкөн. Күч кызматкерлеринин багынып берүү жөнүндө сунушуна алар ок атышкан жана ошол жерде өлтүрүлгөн.

Баштапкы маалыматтарга караганда, бул экөө террордук уюмдардын бири менен байланыш түзүп, коомдук жайларда теракт уюштурууну пландап жатышкан.

XS
SM
MD
LG