Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги тараткан маалыматка ылайык, Өзбекстандын «Узбекистон хаво йуллари» ишканасы менен бирге каттамды жайкы мезгилде жандантуу пландалууда. Ага ылайык, Ташкент-Тамчы-Ташкент каттамындагы учак быйылкы жылдын 27-июнунан 6-сентябрына чейин апта сайын бейшемби күндөрү каттайт.
Ташкент-Тамчы аба каттамы былтыр да иштеп, бирок жүргүнчү аз болуп, каттам өзүн актабагандыктан июль айынын ортосунда токтотулган.
Ташкент-Тамчы аба каттамы Ысык-Көлдө эс алган өзбекстандык туристтердин көбөйүшүн шарттай тургандыгы айтылып келет. (ZKo)