Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:00

ИИМ Шамил Атахановдун датына жооп кайтарды


Шамил Атаханов.
Шамил Атаханов.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги 22-майда кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кармалган мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун арызы боюнча билдирүү таратты. Анда Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында Атахановдун укуктары бузулганы тууралуу айтылгандар четке кагылган.

«Тилекке каршы, убактылуу кармоочу жай - курорт эмес. Кызматкерлер кармалган жарандын денесинде жаракаттар бар экенин аныктаган учурда гана ал медициналык кароодон өтөт. Ошондой эле жактоочусу менен жолугушуу жөнүндө талабын аткарбай коюшканы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Жактоочуга кардарына саат таңкы алтыдан түнкү саат онго чейин каалаган убагында келип турса болоору түшүндүрүлдү. Камерада төшөнчүнүн жоктугу жалган. Кармалуучу киргизилген камерада матрац жана эки төшөнчү болгон. Дары-дармектерди жана жеке буюмдарды жумуш күнү саат 09:00дон 19:00го чейин берүүгө болот», - деп жазылган мекеменин маалыматында.

Буга чейин Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбор Шамил Атахановдун абалынан кабар алып, ал өзүн кармоодо эреже бузулганы жөнүндө арыз жазганын кабарлаган. Арыз Бишкек шаардык прокуратурасына жиберилген.

Шамил Атаханов Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушу боюнча шектүү катары 21-майда шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Батукаевди 2013-жылы апрель айында Нарын шаардык соту «айыккыс ооруга чалдыккан» деген негизде мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим чыгарган. Кримтөбөл ошол эле күнү чартердик каттам менен Чеченстанга учуп кеткен.

Чартердик компанияга Шамил Атахановдун уулу Даниярдын тиешеси бар экени да айтылган. Бирок мурдагы вице-премьер-министр мындай маалыматтарды четке кагып келет. (NT)

XS
SM
MD
LG