Казакстан Кыргызстандан ташылчу картөшкөгө, курмага жана алмага салынган убактылуу фитосанитардык чектөөнү алды. Бул маалыматты «Азаттыкка» Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы ырастады. Ага ылайык, чектөөнү алуу жөнүндө чечим эки тараптын 13-14-майда Нур-Султан шаарында өткөн сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынган. Мындан сырткары, чектөө эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери карантиндик көзөмөл боюнча жол картасына байланыштуу кол койгон протоколду ишке ашыруунун алкагында алынды.
Казакстан 19-февралда Кыргызстандан жана Өзбекстандан азык-түлүк алып кирүүгө убактылуу тыюу салган. Фитосанитардык чектөө картөшкөдөн сырткары алмага, курмага жана Өзбекстандын анарына коюлган. Казак тарап мындай чечимди эки өлкөдөн келип жаткан азыктардан карантинге алынган курттар Комсток - Pseudococcus comstocki (Kuwana), Globodera rostochiensis нематодалары (Wollenweber) чыгып жатканы менен негиздеген. Дыйкандар 200 миң тоннадай картөшкө сатылбай, чирип жатканын айтып арызданышкан. (КЕ)