Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Кургак учукту дарылагандар бийликке кайрылышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кургак учук дартына каршы мекемелерде иштеген эки жүзгө жакын кызматкер парламентке жана өкмөткө кайрылды.

Алар Кыргызстанда бул багытта жетишилген ийгиликтерге мурдагы советтик республикаларда гана эмес, эл аралык деңгээлде да жогору баа берилип жатканын, бейтапка ыңгайлуу шарт түзүү, аны жакшы дарылай алган медицина кызматкерлерин колдоо багытында алгылыктуу иштер жасалып келатканын билдиришти. Кайрылуу ээлери бул тармакта кандайдыр бир чыңалуу жарала турган болсо оор илдетке каршы күрөшкө залака тиерин белгилешти.

15-майда Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук кеңешинин айрым өкүлдөрү өлкө жетекчилигине кайрылып, кургак учук боюнча абал оорлошуп кеткенин айтып чыгышкан. Алар тогуз пункттан турган кайрылуу жазып, териштирүү аяктаганча Абдуллат Кадыровду кызматтан алууну сунуш кылышкан.

22-майда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Фтизиатрия боюнча улуттук борбордун директору Абдуллат Кадыров Кыргызстанда кургак учук боюнча абал оор деген маалымат туура эмес экенин билдирди. Анын айтымында, «айыптоолордун бир да пункту чындыкка дал келбейт».

- 2016-жылы 100 миң калкка 144 учур болсо, 2017-жылы 127 учур катталды. Оору акырындап азайып баратат. 2001-жылы бул көрсөткүч 168 болгон. Кургак учуктан каза болгондор да азаюуда, - деди Кадыров.

Ал эми дартты аныктоонун деңгээли, директордун айтымында, 84% жетти. (RK)

XS
SM
MD
LG