Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:31

АКШ Асаддын күчтөрүн химиялык курал колдонгону үчүн айыптады


Сириядагы аял.
Сириядагы аял.

АКШ Сириянын президенти Башар Асаддын армиясын «химиялык курал колдонгон» деп айыптады. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин өкүлү Морган Ортагус билдирди.

Вашингтондун пикиринде, өкмөттүк күчтөр 19-майда Идлиб провинциясында чабуул коюшкан. Маалыматтарга караганда, анда хлор толтурулган бомбалар колдонулган болушу ыктымал. Эгер бул божомолдор тастыкталса, Вашингтон «ыкчам жана тиешелүү деңгээлде» жооп кайтара турганын билдирди.

Мамлекеттик департаменттин өкүлүнүн айтымында, ооруканалар, мектептер, качкындар лагери жана башка жарандык объектилер соккуга кабылган. Вашингтон бийлик Идлибдеги чабуул ок атышууну токтотуу боюнча буга чейин кабыл алынган макулдашууларды одоно бузганын белгиледи.

2018-жылы сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогон Идлибде куралсыз зона түзүүгө макулдашкан. Анда АКШнын президенти Дональд Трамп аймакта кандай гана чабуул болбосун жаңжалдын курчушуна алып келерин айткан.

Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюм Башар Асаддын күчтөрү химиялык курал колдонорун бир нече жолу ырастаган. Москва менен Дамаск күнөөнү куралдуу оппозиция топторуна оодарып келет.

Сириядагы уруш 2011-жылдан бери уланууда. Согуштук аракеттерден улам жүз миңдеген киши кырылды. Беш миллиондон ашуун сириялык жаран өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болду.

XS
SM
MD
LG