Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:38

Экс-президент Атамбаевдин жансакчысынын соту болот


Дамир Мусакеев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин артында.
Дамир Мусакеев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин артында.

Бишкектин Свердлов райондук соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгынын мурдагы башчысы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевдин ишин карайт.

Ал 16-майда Аскердик прокуратурага «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча күбө катары сурак берип чыккан.

Свердлов райондук сотунда аскер прокурору Мусакеевди беш жылга кесүүнү жана 70 миң айып өндүрүүнү суранган.

8-майда Башкы прокуратура Дамир Мусакеевге сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлаган. Интернетте «Мусакеевдин байлыгы» деп жарыяланган кыймылсыз мүлк 2010-2017-жылдары сатылып алынып, анын ата-энесине, тууганына катталганын, жалпы наркы 20 миллион сомдон ашарын билдирген. Мусакеев бул маалыматты четке кагууда. (КE)

XS
SM
MD
LG