Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:15

«The New Times» Адам укуктары боюнча Европа сотуна арыз жазды


«The New Times» журналынын рекдактору Евгения Альбац.
«The New Times» журналынын рекдактору Евгения Альбац.

«The New Times» журналы Жогорку сот 22 миллион 250 миң рубль, ал эми башкы редактор Евгений Альбацтан 30 миң рубль айыбын кайтаруу боюнча арызды кабыл албай койгондон кийин Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылды. Бул тууралуу «МБХ медиага» адвокат Вадим Прохоров билдирди.

- Европа сотуна арыз жаздык, тилекке каршы ишти кароо көпкө созулат. Европа соту Орусиянын арызына толуп калды. Биз Жогорку сотко алардын пленумунун токтомуна таянып кайрылганбыз. Соттун чечиминде өз ара карама-каршы келген тыянактар бар, - деди адвокат.

Анын айтымында, Жогорку сот айыппул боюнча арызды үч ай карады.

- 22 млн. рублди бюджеттен кайтаруу боюнча эч ким чечим чыгарган жок. Ошондуктан өз токтомуна да көз жуумп жатат. Бул алардын мекемесине аброй алып келбейт, - деди Прохоров.

26-октябрда Москва соту «The New Times» журналын жана анын редактору Евгения Альбацты чет өлкөдөн каржыланганы боюнча өз убагында маалымат бербегени үчүн айыпка жыккан. Сот чечимине ылайык, журнал 22 миллион 250 миң рубль, ал эми Альбац 30 миң рубль айып төлөп берген.

XS
SM
MD
LG