Азыркы акыйкатчы, Мамлекеттик чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси Токон Мамытов Азиз Батукаевдин абактан бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткени боюнча «Азаттыкка» жооп берди. Ал Батукаевди өлкөдөн чыгарууда жогору жактан буйрук болбогонун айтты:
- Биз жарым саат, кырк мүнөттөй кармап турдук. Кармап турууга башка негиз жок болчу. Анан айла жок кое бердик. Негизи жарандардан соттун чечимин жана башка документтерди сураганга акыбыз жок. Бирок биз дагы бир балакет болуп кетпесин деп ошол кагаздарды сурадык.
Мамытов ага Батукаевдин өлкөдөн чыгып баратканын аэропорттогу чек ара кызматынын бөлүмүнөн кабарлашкандан кийин кримтөбөлдүн документтерин жакшылап текшерүүгө буйрук бергенин кошумчалады. Мамытов ошол жылдары Мамлекеттик чек ара кызматын жетектеп турган.
Батукаевди 2013-жылы апрель айында Нарын шаардык соту «айыккыс ооруга чалдыккан» деген негизде мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим чыгарган. Кримтөбөл ошол эле күнү чартердик каттам менен Чеченстанга учуп кеткен.
Батукаевдин иши боюнча тергөөнүн алкагында беш дарыгер кармалып, экөө кайрадан үй камагына чыгарылган.
15-майда ушул эле ишке байланыштуу мурдагы министр Динара Сагынбаева жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев да камакка алынган. 21-майда мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов камакка алынды. (КЕ/TSh)