Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Дача СУ: экспертизанын жыйынтыгы дагы текшерилип жатат


Кандуу учакты эске салган эстелик.
Кандуу учакты эске салган эстелик.

«Манас» аэропортунун жанында жайгашкан Дача СУ конушуна кулаган учак боюнча буга чейин жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы кайрадан текшерилүүдө.

Бул тууралуу «Азаттыкка» ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов билдирди. Анын айтымында, кылмыш иши толугу менен кайрадан электен өткөрүлүп, башынан иликтене баштады. Азырынча учак кырсыгына байланыштуу эч ким суракка чакырыла элек.

Буга чейин башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттин тармактык комитетинин жыйынында учак кырсыгы боюнча Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чечими жокко чыгарылып, иш жанданганын айткан.

Ал учактагы жүк кимге таандык болгону тууралуу «тергөөнүн купуялуулугу үчүн» деп маалымат берген эмес. Тергөө ишин ИИМ жүргүзүп жатат.

2017-жылдын 16-январында таңкы жети жарым чамасында түркиялык компанияга таандык «Боинг-747» үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак Бишкектин түндүк тарабындагы «Манас» аба майданынын жанына кулап түшкөн.

Кырсыктын айынан аба майданынын жанындагы Дача СУ айылынын 35 тургуну, андан тышкары учактагы төрт учкуч мерт болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG