Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:20

ЖМК: Пентагон Жакынкы Чыгышка кошумча аскер жөнөтүшү мүмкүн


АКШ коргоо министринин милдетин аткаруучу Патрик Шанахан менен мамлекеттик катчы Майк Помпео.
АКШ коргоо министринин милдетин аткаруучу Патрик Шанахан менен мамлекеттик катчы Майк Помпео.

Бейшемби күнү Пентагон Жакынкы Чыгышка кошумча аскер күчүн жөнөтүү боюнча планын сунуш кылат.

Кеп АКШ менен Ирандын ортосундагы мамиленин курчушуна байланыштуу бул аймакка 5 миңден 10 миңге чейин аскер жөнөтүү тууралуу болуп жатат.

«Associated Press» жана CNN аты аталбаган америкалык жетекчилерге шилтеме берүү менен жазганына караганда, Коргоо министрлиги улуттук коопсуздукка жоопкер болгон президенттин администрация кызматкерлерине Жакынкы Чыгышта АКШнын аскердик катышын күчөтүү планын сунуш кылат.

Башында Куралдуу күчтөрдүн борбордук командачылыгынын беш миң аскер жөнөтүү тууралуу өтүнүчү Пентагонго жөнөтүлгөн. Бул тууралуу «Reuters» америкалык аткаминерлердин сөзүнө таянып жазды.

АКШ менен Ирандын мамилеси өткөн жылдан тартып чыңала баштаган. 2015-жылдагы Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимге Кытай, АКШ, Британия менен кошо Франция, Орусия жана Германия кол койгон. Ангела Меркелдин айтымында үч лидер аталган келишимди сактап калуу жана Иранды келишимде кала берүүгө ынандыруу зарыл экенин билдиришкен.

Былтыр май айында АКШ «Тегеран милдеттенмелерин аткарбай жатат» деген негизде келишимден чыгып, Иранга каршы экономикалык санкцияларын калыбына келтирди.

Тегеран АКШнын бардык дооматтарын четке кагып келатат.

XS
SM
MD
LG