Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:46

Депутат чек арадагы айылдардын социалдык абалын оңдоону талап кылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Карамат Орозова 22-май күнү чыр чыккан кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Кара-Бак айылын мисал келтирип, чек ара маселесин эртелеп чечүүнү өкмөттөн талап кылды.

Анын айтымында, Кара-Бак айылынын үлүш жери Тажикстандын чек арасында жайгашкан, болгону эки орто мектеп бар, алардын бири авариялык абалда.

- 21 миңден ашуун эл бар, алардын үлүшү Тажикстан менен чектеш жерде, - деди ал. - Элдин жашоо деңгээли төмөн. Эки мектепте балдар нормадан эки эсе ашык окуйт. Балдар алты-жети чакырымдан бери каттап окушат. Жолу жаман, ичкенге тургай сугат суу жок. Чек арадагы айылдардын статусун көтөрүп, элдин социалдык абалын жогорулатууну дайыма талап кылып келебиз, бирок эч кандай жыйынтык жок болуп жатат.

Карамат Орозова өкмөт аймактагы суу маселесин чечпесе, дагы көп чырга себеп болушу ыктымал экенин эскертти.

22-май күнү Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургундары кыргыз-тажик чек арасындагы Эски-Мазар көрүстөнүнө тажияга келген учурда тажикстандык чек арачылар менен кайым айтыша кетишкен. Натыйжада тажик чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок аткан.

Кыргызстандык чек арачылар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин аймакта абал тынчыган.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, Эски-Мазар аймагы шарттуу кыргыз-тажик чек арасынан Тажикстан тарапка 150 метр ичкери кирип турат. Көрүстөндү кыргызстандык тургундар пайдаланып келген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG