Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Айтмамат Назаров «Улуттук энергохолдингдин» жетекчиси болду


Айтмамат Назаров.
Айтмамат Назаров.

Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин депутаты Айтмамат Назаров 23-майда, парламенттин отурумунда билдирди. Ал башка кызматка өтүп жаткандыктан депутаттык мандатын тапшырарын жарыялады:

- Менин макулдугум менен, өкмөт башчынын жактыруусу менен «Улуттук энергохолдинг» ишканасынын акционерлери мени башкармалыктын башчысы кылып дайындоо жөнүндө чечим кабыл алды. Мен үчүн бул чоӊ жоопкерчилик, оор түйшүк жана катуу сыноо. «Улуттук энергохолдингдин» иши кийинки убакта сынга кабылып, аны жоюп, ордуна Энергетика министрлигин түзүү боюнча Жогорку Кеӊештин эки фракциясы, бир комитети чечим кабыл алды. Бул энергетика тармагында биз каалагандай реформа жүрбөй жатканынан кабар берет.

Айтмамат Назаров Жогорку Кеӊешке «Кыргызстан» фракциясынан депутат болуп шайланып келген. Ал парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитетинин төрагасы болуп турган. (BTo)

XS
SM
MD
LG