Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн соң Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын жарандарынын талашка түшкөн көрүстөндүн аймагына өтүшүнө жолтоо болбой тургандыгы макулдашылды. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Баткен районунун Кара-Бак айылындагы кыргыз-тажик чек арасында абал турукташты. Бул тууралуу Кара-Бак айыл аймагынын башчысы Тургунбай Нишанбаев «Азаттыкка» 23-май күнү билдирди.
Анын айтымында, макулдашууга ылайык Тажикстандын чек арачылары түнкүсүн гана көрүстөндүн аймагына кирип, чек ара коопсуздугун жана аткезчилик жүктөр ташылбашын көзөмөлдөп турушат. Ал эми маркумдарды жерге берүү жана зыярат кылуу жөрөлгөлөрүнө тоскоолдук кылышпайт. Макулдашуудан соң аймакка топтолгон тургундар таркап кетишкен.
21-22-май күндөрү Тажикстан менен чек арадагы Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургундарын тажик чек арачылары айылдын көрүстөнүнө киргизбей койгондо жайкын тургундар менен Тажикстандын чек арачылары тиреше кетишкен. Тажикстандык чек арачылар эскертүү иретинде асманга ок атышкан. (JsA)