Бул багытта Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан жалпысынан 15 млн. евро берилмекчи. Келишимге финансы министри Бактыгүл Жээнбаева жана ЕӨРБдүн өкүлү кол койду.
ЕРӨБдүн эки долбоорунун алкагында бериле турган акчага өлкөдөгү 24 шаарда таза суу долбоорлору ишке кирет. Бул каражаттын 65% кайтарымсыз грант, 35% насыя түрүндө берилет.
Долбоорлордун алкагында шаарлардагы канализация, суу инфратүзүмү жаңыланат.
Кыргызстандагы жалпы 1800 айылдын 653үндө таза суу жок. Анын ичинен быйыл 57 айылга 2019-жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен жана кайрымдуулук, эл аралык уюмдардын жардамы менен таза суу чыгарылат.
Өткөн жылы 30 айыл таза суу менен камсыздалган. (ErN/ZKo)