Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:33

Индияда шайлоонун алгачкы жыйынтыктары чыкты


Добуш бериш үчүн кезек күткөндөр. 11-апрель, 2019-жыл.
Добуш бериш үчүн кезек күткөндөр. 11-апрель, 2019-жыл.

Индияда алты жумага созулган шайлоонун алгачкы жыйынтыктарына ылайык, премьер-министр Нарендра Модинин партиясы алдыда баратат.

Коомдук сурамжылоолор жумушсуздукка жана өлкө калкынын дээрлик үчтөн бири жашаган айыл-кыштактардагы дыйкан-фермерлердин кирешеси аздыгына карабастан азыркы премьер-министрдин партиясы алдыда экенин көрсөткөн. 

Шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, премьер-министр Нарендра Модинин «Бхаратия Жаната» улуттук партиясы 542 шайлоо бекетинин ичинен тең жарымында алдыга чыкты.

Бул партиянын атаандашы – оппозициялык «Индия улуттук конгресси» партиясы шайлоодо утулуп жатканын мойнуна алды.

Индияда 11-апрелде башталып, 19-майга чейин созулган парламенттик шайлоодо 900 миллион киши добуш берген.

 

XS
SM
MD
LG