Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02

Жалал-Абадда диний радикалдашуунун зыяны түшүндүрүлүүдө


Окутуу учурунан. Жалал-Абад. 23-май, 2019-жыл.
Окутуу учурунан. Жалал-Абад. 23-май, 2019-жыл.

Облус аймагындагы бардык район-шаарларда дин аалымдары менен эксперттер жергиликтүү тургундарга, имам-хатибдерге жана жаштарга диний экстремизмдин, терроризмдин жана радикализмдин алдын алуу боюнча атайын окутуу жүргүзүп жатышат. Облустук милициянын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, иш-чара учурунда катышуучуларга «Хизб ут-Тахрир», «Акромия» диний-экстремисттик жана «Йакын инкар» диний агымынын ишмердүүлүгү, алардын коомдогу жана мыйзамга каршы терс көрүнүштөрү жөнүндө кеңири баяндалууда. Жолугушуулар маданият үйлөрүндө, мечиттерде уюштурулган.

Кыргызстандын аймагында 21 экстремисттик жана террористтик топтун ишине жана алардын идеяларын жайылтууга тыюу салынган.

Расмий маалыматтарга ылайык быйыл жыл башынан бери облус аймагында диний экстремизм багытында 17, улут аралык кастыкты козутуу боюнча 3 факты аныкталган.

Учурда диний-экстремисттик көз карашты колдогон 687 адам милициянын каттоосуна алынган. Алардын 500дөн ашыгы «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик, 68 адам «Йакын инкар» диний уюмунун мүчөлөрү. (RsK)

XS
SM
MD
LG