Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:24

Италияда жол кырсыгында тогуз казакстандык жабыркады


Кырсык болгон жерден тартылган сүрөт.
Кырсык болгон жерден тартылган сүрөт.

Италияда 22-майда болгон автобус кырсыгында жабыркагандардын арасында Казакстандын тогуз жараны бар. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады. Кырсык Монтерижони аймагында болгон.

Автобуста казакстандык туристтерден тышкары Орусия, Армения, Украина, Беларус, Молдова, Грузия жана Румыния өңдүү бир нече өлкөнүн жарандары да болгон. 37 турист ооруканага түштү, Орусиянын бир жараны каза тапты. Төрт адамдын абалы оор экенин Италиядагы Орусиянын элчилиги билдирди.

Автобус Орусия жана КМШдан келген туристтер менен иштеген италиялык «Европа Вояж» компаниясына таандык. Полиция кырсыкка нөшөрлөгөн жаан себеп болушу ыктымал деген версияны да караштырып жатат.

XS
SM
MD
LG