Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Лукашенко Казакстанга мунай боюнча сүйлөшүүлөрдү сунуш кылды


«Дружба» кууру.
«Дружба» кууру.

Казакстандын элчиси Ермухамет Ертысбаев менен жолугушууда Беларус президенти Александр Лукашенко Казакстанга мунай ташуунун жолдору тууралуу сүйлөшүүлөрдү жандандырууну сунуш кылды. Лукашенко быйыл Беларус мунайды кайра иштетүүчү заводдорду жаңылап бүтөөрүн, ошондуктан дүйнөлүк рыноктон мунайды сатып алуу жеңил болорун белгиледи. Бул тууралуу мамлекеттик БелТА маалымат агенттиги кабарлады.

Элчи Ермухамет Ертысбаев Казакстан Беларуска мунай ташууга даяр экенин, бирок бул маселени биринчи кезекте Орусия менен жөнгө салуу зарыл экенин айтты. Элчи Орусия Беларус үчүн да, Казакстан үчүн да стратегиялык өнөктөш болгонун, ушундан улам тараптар баары үчүн алгылыктуу чечим табууга аракеттениши керек экенин белгиледи.

23-майда «Transpetrol» орус мунайы «Дружба» кууру аркылуу Словакияга кайрадан ташыла баштаганын билдирди.

Орусия менен Казакстандын мунайы Беларус аркылуу Польшадагы, Германиядагы жана Словакиядагы мунайды кайра иштетүүчү заводдорго жеткирилет.

12-майда Беларус президенти Александр Лукашенко Орусиядан келген кирдеген мунайдын айынан мамлекет миллиондогон долларга зыян тартканын айткан. Ал кирдеген мунайдын зыянын адистер эсептеп чыгышы керек экенин белгилеп, орус тарап зыяндын ордун толтурарына үмүт артарын кошумчалаган.

Орусиядан Беларуска тазаланбаган мунай келгени тууралуу алгач «Белнефтехим» компаниясы 19-апрелде маалымдаган. Анын артынан Беларус Украинага жана башка мамлекеттерге мунай транзитин токтоткон.

XS
SM
MD
LG