Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

Москвада кыргызстандык аялдын сөөгү табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

19-майда Москвадагы батирлердин биринде кыргызстандык аялдын өлүгү табылган. Айрым маалыматтар боюнча ал тумчуктурулуп өлтүрүлгөн.

Теги кыргызстандык 40 жаштагы К.З. Москвада иштеп жүрүп Орусиянын жарандыгын алган.

Тааныштарынын айтымында батирде бир ай мурун баш кошкон кыргызстандык А.У. аттуу жаран менен жашаган. Батирден маркумдун акчасы, алтын буюмдары жоголгон. Кыргызстандын ИИМинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, учурда аялдын күйөөсү А.У. изделүүдө.

Учурда туугандары аялдын сөөгүн Кыргызстанга алып кетүү аракетинде. Алардын айтымында, маркумдун бир уул, бир кызы калды.

Москвадагы кыргыз элчилиги «Азаттыкка» бул маалымат такталып жатканын кабарлады.

Элчиликтин маалыматы боюнча былтыр Москва шаары жана облусунан 157 адамдын сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлгөн. (LzT)

XS
SM
MD
LG