Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:31

Конгантиевдин иши боюнча депутат Жапаров суралмай болду


Молдомуса Конгантиев.
Молдомуса Конгантиев.

Бүгүн, 23-майда Биринчи май райондук сотунда мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин иши боюнча сот отуруму өттү. Анда ИИМ Академиясынын мурдагы жетекчиси Абдыкапар Мавлянов күбө катары көрсөтмө берди. Бул тууралуу «Азаттыкка» жактоочусу Икрамидин Айткулов маалымдады:

- Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров сотко чакырыла тургандардын тизмесинде экен. Тергөө киргизген экен. Ошондуктан аны сотко чакырабыз дешти.

Конгантиевге 2005-жылы 24-марттан, 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери («Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык») менен кылмыш иши козголгон.

Кийин экс-министр Конгантиевге козголгон иш «кылмыш аракети жок» деген жүйө менен кыскартылып кеткени былтыр ачыкка чыккан. Бул маалыматты ошол эле жылдын 18-июнунда УКМК бышыктаган. Бул чечим коомчулукта сынга кабылгандан кийин президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратурага ишти иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырган.

Башкы көзөмөлдөөчү орган анын эртеси эле атайын кызматтын ишти токтотуу тууралуу чечиминин мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө баа бериле турганын маалымдаган. 2018-жылдын 12-декабрында Башкы прокуратура мурдагы ички иштер министри УКМКнын Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишинин кыскартылышы боюнча чечимин жокко чыгарган. Натыйжада иш кайра жанданган.

Буга чейинки сот отурумдарында Конгантиев өзү жана күбөлөр суралган.

Милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиев 2008-жылдын январынан 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашууга чейин Ички иштер министрлигин жетектеген. 2010-жылы Акылбек Жапаров биринчи-вице-премьер-министр болуп иштеген. Саясий кырдаал чыңалган 6-7-апрелде Конгантиев менен Жапаров Таласта болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG