Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:53

Орусия АКШнын мамлекеттик катчысынын мурдагы жардамчысына виза берген жок


Виктория Нуланд.
Виктория Нуланд.

Орусия АКШнын мамлекеттик катчысынын Европа жана Евразия маселелери боюнча мурдагы жардамчысы Виктория Нуландга виза берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу «Коммерсант» жазды. Аталган басылманын Тышкы иштер министрлигиндеги булактары Нуланд АКШнын орусиялык жарандарга карата киргизген санкцияларына жооп катары «кара тизмеге» киргенин билдиришкен.

Нуланд Москвадагы эл аралык жабык конференцияга катышуу үчүн орус визасына документин тапшырган. «Комерсанттын» жазганына караганда, АКШдан айырмаланып Орусия «кара тизмени» ачык жарыялаган эмес. Ошондуктан америкалыктар визага документ тапшырган соң гана тыюу салынганы тууралуу биле алышы мүмкүн.

Басылмада жазылгандай, Орусиянын расмий адамдары Нуланд мамлекеттик катчынын жардамчысы болуп 2013-жылы дайындалгандан тартып анын ишмердүүлүгүнө сын көз караш менен карап келишкен. Ал 2014-жылы Украинада Майдандын катышуучуларын колдоп чыккандан кийин көбүрөөк таанылган. Майдын башында Конгрессте ал Орусияга карата санкцияларды күчөтүүнү колдоп сүйлөгөн.

XS
SM
MD
LG