Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:02

Бишкекте УКМКны реформалоо маселеси талкууланат


УКМКнын имараты. Бишкек.
УКМКнын имараты. Бишкек.

Бүгүн Бишкекте «УКМКнын орду жана реформасы» аттуу тегерек үстөл өтөт. Аны «Адилеттүүлүк үчүн» комитети уюштуруп жатат. «Коопсуздук комитети соңку 30 жылда маанилүү өзгөрүүлөргө дуушар болгон жок», - деген комитеттин мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков бул тармакты реформалоо боюнча бийликке бир катар талаптар, сунуштар айтыларын «Азаттык» радиосуна билдирди:

- УКМКнын 30 жылдагы жасаган иши коомду да, мамлекетти да канааттандырбай келатат. Негизинен президент менен өкмөттүн кандайдыр бир куралына айланып, алардын кызыкчылыгын аткарат. Талкууда АКСти (УКМКга караштуу Коррупцияга каршы кызмат. - ред.) өзүнчө бөлүү, тергөөнү УКМКнын карамагынан алып чыгуу боюнча талап коюлат. Мындан сырткары укук коргоо органдарынын үстүнөн коомдук, парламенттик көзөмөлдү күчөткөнгө аракет кылышыбыз керек.

Мындан сырткары Кыргызстанда «Президенттен УКМКны реформалоону талап кылабыз!» деп аталган онлайн петицияга кол койгондордун саны 400гө чукулдады.

Активисттер ушу тапта бийликтин бардык бутактарын атайын кызмат көзөмөлдөп жатканын, мындай шартта парламент, соттор, аткаруу бийлиги ачык иштеши күмөндүү экенин айтышты. Алар президент Сооронбай Жээнбековду учурдагы мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, УКМКны реформалоого чакырышууда. Кол топтоо бир нече күн бою уланып, анын жыйынтыгында президентке кайрылуу жиберилет.

Акыркы убакта УКМКга байланыштуу чуулгандуу иштер ачыкка чыкты. 15-майда атайын кызматтын мурдагы төрагасы Идрис Кадыркулов Мамлекеттик каттоо кызматындагы паспорт, тендер чырынан кийин кызматтан кетти. 17-майда мекеменин кызматкери текшерүүнү токтотуу үчүн 350 миң сом талап кылып, анын 50 миңин алып жаткан жерден кармалганы кабарланды.

Шектүү чекисттин аты-жөнү жана кайсы ишти токтотуш үчүн кимден акча сураганы ачык айтылган жок. (КЕ)

XS
SM
MD
LG