Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:43

Мусакеев: Атамбаевдин иш бөлмөсүнө тыңшоочу аппарат коюу аракети болгон


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсүмүн, «Форум» ишканасында иштейм» деген адам өзүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери «кызматташууга» чакырганын, натыйжада экс-президенттин жана анын жансакчысы Дамир Мусакеевдин иш бөлмөлөрүнө тыңшоочу аппарат коюуну талап кылышканын баяндаган видео тасманы КСДП таратты. Тасмада «"Форумдун" IT кызматкеримин» деген адам УКМКнын кызматкери «экс-президенттин иш бөлмөсүнө орнот» деп бергени айтылган электр улоочу зымдын ичин ачып, андан «тыңшоочу аппаратты» таап чыкканы көрсөтүлгөн.

Экс-президенттин жансакчысы Дамир Мусакеев муну Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугу үчүн коркунуч катары баалады.

УКМК бул тасмага карата эч кандай комментарий бере элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG