Ош шаардык кеңеши жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарын муниципалдык жана менчик транспортто бекер ташууга милдеттендирген токтом кабыл алды. Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаровдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, токтом 22-майдан тартып күчүнө кирди.
- Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына тиешелүү кызматтардын аныктамасынын негизинде атайын күбөлүк берилет. Ошонун негизинде алар коомдук транспортто акысыз жүрө алышат. Бул сунушту мэрия 4-апрелде шаардык кеңештин кароосуна жиберген, - деди ал.
Абсаттаровдун маалыматы боюнча, учурда шаардагы социалдык кызматтар тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн мектепте окуган балдарын аныктоо иштери жүрүп жатат.
Айдын башында Ош шаардык кеңеши мектеп окуучуларынын коомдук транспорттогу жол киресин беш эсе көтөрүү жөнүндө токтом кабыл алган. Токтомдун негизинде окуучулар мурдагы 1 сомдук жол киренин ордуна 5 сом, ал эми муниципалдык транспортто 3 сом төлөп жүрүшөт.
Расмий маалыматтар боюнча, Ош шаарында аз камсыз болгон 280 үй-бүлө бар. 220 бала жакыр жашаган балдар катары катталган. (MdN/ZKo)