Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:26

Улан Саляновдун өлүмү боюнча сот 11-июнда уланат


Маркум Улан Саляновдун үйү. Бишкектин четиндеги Көк-Жар конушу. Сүрөт окуя болгон күнү, 2017-жылдын 6-ноябрында тартылган.
Маркум Улан Саляновдун үйү. Бишкектин четиндеги Көк-Жар конушу. Сүрөт окуя болгон күнү, 2017-жылдын 6-ноябрында тартылган.

Кыргызстандын экс-башкы прокурору, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча сот 11-июнь, саат 15.00гө белгиленди. Бул тууралуу Аида Салянова билдирип, бүгүн, 24-майда боло турган жараян Жогорку соттун жыйынына байланыштуу жылганын маалымдады.

14-майдагы териштирүү да айыпталуучунун адвокаты келбей калгандыктан бүгүнкүгө жылган эле.

Соттук кароо апрелден бери ар кандай жүйө менен улам артка жылып келе жатат.

42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө кирип, атып кетишкен. ​ИИМ бул кылмыш үчүн үч киши шек саналып жатканын кабарлаган. Улан Саляновдун өлүмү боюнча сот жараяны 2018-жылы сентябрда башталган.

Салянова инисинин өлүмү саясий буюртма болушу мүмкүн деп эсептейт. Милиция кылмышты карактоо катары мүнөздөп жатат.

Буга чейин Улан Саляновду өлтүрүүгө катышканы кабарланган Э.Осмонкулов Ошто ишкерди карактоого шектүү экени ачыкка чыккан. Аида Салянова бул адам Улан Саляновдун өлүмүнө чейин да кылмыштарга барганы белгилүү болгону менен кармалбай жүргөнүн билдирген. Ички иштер министрлиги Осмонкулов катышкан Оштогу кылмышта ишкердин 1 миллион 300 миң сому тонолгонун ырастаган. (NT)

XS
SM
MD
LG