Мындай маалыматты экс-президент Роза Отунбаева 24-майда Бишкекте балдар маселесине арналып өтүп жаткан «Ачык диалог» конференциясында билдирди. Экс-президент мектеп окуучуларына ысык тамак уюштуруу министрлердин колунан келбей жатканын айтты:
- Жакырчылык менен күрөшүү керек. Биз бүгүн алардын абалын ойлобосок, эртең кеч болот. Мына, 2200 мектептин жарымында, 800-1000дей мектепте ысык тамак жок. Тойканалар толтура. Эмне үчүн ушул нерсени ишке ашыра албайбыз? Бул үчүн саясий эрк керек.
Ал эми вице-спикер Аида Касымалиева балдарга каражат бөлүү кайтарымсыз деп эсептелерин, бул туура эмес экенин айтты.
Эл аралык ЮНИСЕФ уюмунун иликтөөлөрү боюнча, Кыргызстанда ар бир үчүнчү бала жакырчылыкта жашайт. Жалпы 787 000 баланын үчтөн бири гана, тагыраагы 289 325 бала жөлөкпул алат. (AiA)