Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Жээнбеков: Кыргызстанда эл ЖМКга ишенет (видео)


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков мындай пикирин 24-майда Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) курамындагы өлкөлөрдүн медиа форумунда сүйлөп жатып билдирди. Мамлекет башчы бардык катышуучуларга кайрылып, журналисттер өз өлкөсү үчүн гана эмес, жалпы дүйнө үчүн чоң иш жасап жатышканын айтты:

- Мен адамдар дүйнөнү силердин көзүңөр менен көрөт деп кошумчалагым келет. Силердин позицияңардан, жоопкерчилигиңерден мамлекеттин ичиндеги жана эл аралык атмосфера көз каранды. Маалымат каражаттары ачык диалог түзүүгө, аны менен коомдогу өз ара түшүнүшүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Журналисттердин ролу форумда талкууланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:37 0:00

Ал ошондой эле Кыргызстанда эл маалымат каражаттарына ишенерин белгилеп, мунун артында сөз эркиндиги турганын, басма сөз жарандар менен бийликтин ортосундагы көпүрө экенин белгиледи:

- Элдин баары коомдо болуп жаткан иштерди эртедир-кечтир маалымат каражаттарынан билишет. Анткени, бизде басма сөз үчүн жабык темалар жок. Кыргызстан - ачык коом.

Бишкектеги Ала-Арча резиденциясында ШКУ мамлекеттеринин медиа форуму өтүп жатат. Ага уюмга мүчө жана байкоочу болгон өлкөлөрдүн маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG