Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:02

Акыркы үч айдын ичинде Бишкекте жол кырсыктары 1,5% азайды


«Коопсуз шаар» долбоорунун көзөмөл камералары.
«Коопсуз шаар» долбоорунун көзөмөл камералары.

Бул тууралуу бүгүн, 24-майда «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын жыйынында жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Иманалы Саркулов маалымдады. Анын айтымында, жол кырсыктарынын азайышынан жолдогу адам өлүмү да былтыркы кезге салыштырмалуу 6,5% азайды.

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында Бишкек менен Чүйгө коюлган видео көзөмөлдөр үч айдын ичинде 117 845 эреже бузуу фактысын каттаган. Анын ичинен 53 800 учур боюнча төлөнгөн айыппулдардын суммасы 77,3 млн. сомго жеткен.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын катчылыгы «Азаттыкка» билдиргендей, фракция жол эрежелеринин бузулганы үчүн төлөнүүчү айыппулдун өлчөмүн көбөйтүүнү сунуш кылууда. Мисалы, фракция жасалма мамлекеттик номер менен жүргөн машинелер үчүн 10 миң сомдон 100 миң сомго чейин, мас абалында машине айдагандардын айыппулу 50 миң сомго чейин көтөрүлүүгө тийиш деп эсептейт.

Орусиялык «Вега» концерни аткарып жаткан «Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте быйыл 12-февралда ишке кирген. Анын алкагында автожолдорго, көчөлөргө видеокамералар орнотулууда. 2019-жылдын аягына чейин долбоор республиканын бардык аймактарында иштей башташы керек. Жалпы өлкө боюнча 314 көзөмөл камера-комплекстери орнотулары айтылган.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык Кыргызстанда эң көп жол-транспорт кырсыктары Бишкек шаарында, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында катталат. 2018-жылдын тогуз айында өлкөдө 5118 жол кырсыгы катталып, 458 киши көз жумган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG