Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:08

Аба ырайы: Жаан жаайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 25-26-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачындан улам тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү мүмкүн.

25-майда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо жамгыр карга айланат, кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде мөндүр жаайт.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында нөшөрлөгөн жаан жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13 18…23;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…16;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 16…21;

Нарында түнкүсүн 6…11, күндүз 16…21;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8 градус болот.

25-майда Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 19…21° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG