Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:05

Ирандын өкүлү чөлкөмдөгү абалды Исламабадда талкуулайт


Жавад Зариф.
Жавад Зариф.

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Исламабадга барды. 23-майда Пакистандын баш калаасына баргандан кийин министр эл аралык коомчулукту АКШнын Иранга карата «агрессивдүү» жана «коркутуп-үркүткөн» саясатына туруштук берүүгө чакырды. Бул тууралуу «Фарс» маалымат агенттиги кабарлады.

«Биздин чөлкөм кыйын абалга кептелди, кооптуу чаралар көрүлүүдө. Кошуна өлкөлөр менен кеңешүү зарыл», - деди Зариф.

Пакистандын Тышкы иштер министрлиги жасаган билдирүүдө «чөлкөмдөгү олуттуу кырдаалды бардык тараптар диалог аркылуу жөнгө салышы керек» деп белгиленген.

Жума күнү Зариф Пакистандын тышкы саясий мекемесинин жетекчиси Шах Мехмуд Куреши менен жолугушат.

Тегеран менен Вашингтондун мамилелери былтыр президент Дональд Трамп АКШ эл аралык өзөктүк келишимден чыгып атканын билдиргенден кийин курчуй баштаган. Ошондон бери Вашингтон Ислам Республикасына каршы санкцияларды калыбына келтирди.

Айдын башында Кошмо Штаттар Иран менен жаңжал чыгып кетиши ыктымал экенин билдирип, Жакынкы Чыгышка жана Перс булуңуна кошумча аскерлерин жөнөткөн.

Тегеран дооматтарды четке кагууда. Иран президенти Хасан Роухани 23-майда анын өлкөсү бомбаланса да, АКШга багынып бербей турганын айтты.

XS
SM
MD
LG