Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагында, Ош шаарында түзүлгөн «Ишкер» чакан насыя ишканасы 2010-жылдан бери мамлекетке 11 млн. 382 910 сом төлөгөн эмес. Ишкана кызматкерлери сегиз жыл ичинде насыячылар төлөгөн пайыздарды өздөрү алып турушкан. Бул Ош облустук прокуратурасы текшерген учурда аныкталган.
Текшерүүнүн натыйжасында топтолгон материалдардын негизинде бул фактыны Ош облустук прокуратурасы Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен бирдиктүү реестрге каттаган. Учурда тергөөгө чейинки иликтөө жүрүп жатат. (MdN)