Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:55

«Кыйноого каршы коалиция» белгисиз топ жыйында чыр чыгарганын билдирди (видео)


"Кыйноого каршы коалиция" тараткан сүрөт. 23-майдагы жолугушууну үзгүлтүккө учуратууну көздөгөн деген кишилердин бири.
"Кыйноого каршы коалиция" тараткан сүрөт. 23-майдагы жолугушууну үзгүлтүккө учуратууну көздөгөн деген кишилердин бири.

Кыргызстандагы «Кыйноого каршы коалиция» өкмөттүк эмес уюму тараткан маалыматка караганда, 23-майда «Супара» этнокомплексинде юристтер менен адвокаттардын эл аралык эксперттер Каринна Москаленко жана Оксана Преображенская менен жолугушуусунда видеокамера, диктофон көтөргөн белгисиз тогуз киши жыйын өтүп жаткан залга кирип келип, аны токтотууну талап кылышкан. Алар бул жыйынды Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү деп эсептей турганын айтышкан.

Белгисиз топ өздөрүн Кыргызстандын «Мекенчилдик» жаштар кыймылынын мүчөлөрү катары тааныштырып, «Батыш мамлекеттери жана алар каржылаган эл аралык уюмдар Кыргызстандагы тынчтыкты олку-солку кылууну көздөп жатат» деген сыяктуу пикирлерди айтышкан.

Уюштуруучулар жыйындын максаты жөнүндө түшүндүрүшкөндөн кийин алар иш-чара жөнүндө туура эмес маалымат алышканын билдиришкен.
Окуянын жүрүшүн уюштуруучулар тартып алышкан. Алар белгисиз адамдарга карата Чүй облусунун Аламүдүн райондук милициясына арыз жазышкан. Талкуунун айрым катышуучулары бул топ мурда да иш-чараларга кийлигишүүгө аракет кылганын билдиришкен.

17 мамлекеттик эмес уюмдун башын бириктирген «Кыйноого каршы коалиция» муну жарандык коомго көрсөтүлгөн кысым катары баалап, укук коргоо органдарынан аны кылдат иликтеп чыгууну талап кылды. Уюм жарыялаган сүрөттөрдөн улам чыр чыгарды деген кээ бир адамдар бүгүн, 24-майда Бишкекте болгон УКМКны реформалоо тууралуу жыйынга катышып, сөз сурап, катышуучулар менен кайым айтышкандар экенин көрүүгө болот. Реформаны талап кылган жыйындын уюштуруучулары «УКМК жыйынды үзгүлтүккө учуратуу максатында чырды атайылап уюштурган» деген пикирлерин белгилешкен.

Ал эми сөз сураган адамдар өздөрүнүн дарегине айтылгандарды четке кагышты. УКМК айтылган дооматтарга комментарий бере элек. (NT)

XS
SM
MD
LG