Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:38

Бишкекте базарлардан ВИЧ оорусу бар беш киши аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги базарлардан ВИЧ оорулуу беш киши аныкталды. Бул тууралуу республикалык СПИД борбору маалымдады. Борбордун жетекчиси Үмүткан Чокморованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, 24-май күнү баш калаадагы Аламүдүн, Ош жана Орто-Сай базарларында ВИЧ/СПИДге ыктыярдуу текшерилүү жүргүзүлгөн.

- Илдетти шилекейден аныктоочу экспресс-тесттен өткөргөнбүз. Каалоочулар көп болду. Арасынан беш кишинин жыйынтыгы баштапкы маалыматтар боюнча ВИЧ-позитивдүү болуп чыкты, - деди ал.

Маалыматка караганда, алар - Аламүдүн базарынан эки, Орто-Сай базарынан эки, ал эми Ош базарынан бир киши. Үмүткан Чокморованын айтымында, тестирлөөнүн жыйынтыгын республикалык СПИД борбору дагы бир сыйра текшерип чыгат.

Республикалык СПИД борбору бир катар өкмөттүк эмес уюмдар менен кошо ВИЧ/СПИД оорусунан каза болгондорду эскерүү күнүн улай, Бишкек шаарында жарандардын арасында ВИЧ/СПИДге ыктыярдуу текшерилүү акциясын жүргүзгөн.

1-апрелге карата жалпы өлкөдө ВИЧ жугузган адамдардын саны 9010 болсо, анын ичинен 8526 адам Кыргызстандын жараны. 1952 адам бул илдеттен көз жумган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG