Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:52

Эт өндүргөн ири америкалык компания казак рыногуна кызыгууда

Казакстандагы жайыттардын бириндеги мал.
Казакстандагы жайыттардын бириндеги мал.

АКШдагы эт өндүрүүчү ири «Tyson Foods» компаниясы казак рыногуна кирүү боюнча пландарын ортого салды. Компаниянын өкүлдөрү Казакстанда болду, бирок азырынча долбоорлор түзүлө элек. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматына фирманын басма сөз катчысы билдирди.

Арканзас штатында жайгашкан «Tyson Foods» уй, чочко, тоок этин, чала фабрикатты экспортко чыгарат.

23-майда британиялык «Financial Times» гезити америкалык компания Казакстанда уй этин өндүрүш үчүн миллиарддаган инвестиция жумшоо жөнүндө сүйлөшүү жүргүзүп жатканын жазган. Маалыматта ал өндүрүмдү Кытайга экспорттоонун мүмкүнчүлүгү тууралуу айтылган.

Былтыр июлда Бээжин Вашингтондун кадамына жооп иретинде америкалык уй этинин импортуна кошумча 25 пайыздык тариф киргизген.

Казакстан - дүйнөдөгү ири буудай өндүрүүчүлөрдүн бири. «Financial Times» жазгандай, айыл чарбасында пайдаланган технологиялардын эскириши түшүмдүн аз алынышына себеп болуп, малчылыктын натыйжалуулугун кемитүүдө.

XS
SM
MD
LG