Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:00

Орус соту АКШ жаранынын камактагы мөөнөтүн узартты


Пол Уилан.
Пол Уилан.

Москва соту АКШнын мурдагы деңиз аскери Пол Уиландын сотко чейин абакта кармоо мөөнөтүн 29-августка чейин узартты. 24-майда Лефортово райондук соту адвокаттын аны үй камагына которуу арызын четке какты.

Уилан - Британиянын, Ирландиянын жана Канаданын да жараны. Ал былтыр декабрда Москвада тыңчылык кылган деген шектин негизинде кармалган.

Дооматтарды четке каккан Уилан күнөөлүү деп табылса, 20 жылга чейин кесилиши мүмкүн.

Сотто Уилан «бул иштин артында саясат турат, Орусия АКШнын санкциялары үчүн өч алууну көздөйт» деди. Ошондой эле ФСБнын кызматкерлери кемсинтип, коркутушканын айтты. Бирок кантип коркутушканын түшүндүргөн жок.

Уиландын үй-бүлөсү анын күнөөсү жок экенин, Орусияга үйлөнүү тоюна барганын айтууда.

Орус бийлиги АКШ жаранына каршы тагылып жаткан айыптардын чоо-жайын маалымдаган эмес. Камакка алынган маалда Уилан америкалык ишкананын глобалдык коопсуздук боюнча директору болуп иштечү.

XS
SM
MD
LG