Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:10

Кабулдагы жардырууда белгилүү имам каза тапты


Кабулдагы мечитте жума күнкү жардырууда бир адам каза таап, 16 киши жарадар болду.

Ооганстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насрат Рахими «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун ооган редакциясына айтып бергендей, өлгөн киши – имам Мавлави Райхан болчу.

Борбор шаардын райондук полициясынын өкүлү бомба жума намаз учурунда болжол менен диниятчы колдонгон микрофонго коюлганын айтты. Бул кол салуунун артында ким турганы азырынча белгисиз.

Ооган башкалаасында талиб жоочулары да, «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмунун жихадчылары да маал-маалы менен кол салуу уюштурушат.

Жардыруу болгон райондо пуштун улутундагылар арбын, алардын көбү сунниттер. Маркум имам Райхан дин жөнүндөгү телеберүүлөргө көп катышып, Кабулда белгилүү диниятчылардан болчу.

XS
SM
MD
LG