Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Тоңдо Дамир Мусакеевдин тарапкерлери чогулушту


Мусакеевдин тарапкерлери 16-майда да митинг өткөрүшкөн.
Мусакеевдин тарапкерлери 16-майда да митинг өткөрүшкөн.

Тоң районунун Бөкөнбаев айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевдин жүзгө чукул тарапкерлери топтолуп турушат. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна «Акыйкат үчүн күрөш» кыймылынын төрагасы Айбек Жаңыбаев билдирди. Анын айтымында, чогулгандар Мусакеевге чыккан сот өкүмүнө нааразы.

- Дамирди камап салганы үчүн балдар чогулуп жатат, - деди ал. - Себеби ал жерде баары түшүнүп жатышат, экс-президент менен азыркы президенттин тирешинен Дамирге саясий куугунтук болуп эле камап жатышат. Ал жерге туугандары гана эмес, башкалар да чогулууда.

Жаңыбаевдин айтымында, эртең май айынын аягында чоң митинг өткөрүү жөнүндө сүйлөшүү болот. Ал митингде үч маселе коюларын белгиледи. Биринчиси - Тоң районунун жолун оңдоо, экинчиси - Кызыл-Омполдогу уранды түбөлүк каздырбоо жана үчүнчүсү - Дамир Мусакеевдин ишин калыс кароо. «Эгер талаптар аткарылбаса, Тоң жолун тособуз» дейт Айбек Жаңыбаев.

24-майда Бишкектин Свердлов райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Дамир Мусакеевди беш жылга эркинен ажыратты. Мусакеев сот залынан камакка алынды.

Дамир Мусакеев Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеп турган учурда кызматтык батирлерди туура эмес бөлүштүргөн, коррупцияга жол берген деп айыпталды. (AsM)

XS
SM
MD
LG