Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:34

Иран: АКШ зомбулугун токтотпосо Жакынкы Чыгышта анархия орношу ыктымал


Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф.
Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф.

Иран дүйнө лидерлерине кайрылып, «АКШ зомбулугун токтотпосо Жакынкы Чыгышта анархия орношу ыктымал» деп эскертти.

Өлкөнүн тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф 24-майда Исламабадда пакистандык расмий делегация менен сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин ушундай билдирүү жасады.

2015-жылы АКШ, Франция, Британия, Германия, Кытай жана Орусия Иран боюнча келишим кабыл алышкан. Анда Иран өзөктүк объектилерине эл аралык инспекторлорду киргизсе ага карата экономикалык санкциялар токтотулары жазылган.

Бирок 2018-жылы АКШ президенти Дональд Трамп өз өлкөсүн бул келишимден чыгарып кетти. Ошондон бери Вашингтон Иранга карата жаңы санкцияларын киргизди. Ал эми соңку бир айдан бери Кошмо Штаттар Жакынкы Чыгышта жана Перс булуңунда аскердик күчтөрүн көбөйтүүдө.

Расмий Тегеран айыптоолорду четке кагып келет.

Май айынын соңунда араб мамлекеттери аймакта түзүлгөн кырдаалды талкуулаган чоң жыйынга чогулганы жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG