Кыргызстанда мектептин мурдагы бүтүрүүчүлөрүнүн арасында түрдүү кайрымдуулук акциялары, билим уясына материалдык жардам берүү иштери уланууда.
Жалал-Абадда Ала-Бука айылынын Төрөгелди Балтагулов атындагы орто мектебин 10 жыл мурда аяктаган классташтар акча чогултуп, имараттын терезелерин жаңылап, жаңы тепкич курдуруп беришти.
Жалпысынан 1 миллионго жакын каражат сарпталды.
Республика боюнча 2262 мектепте 9-классты 95 миң, 11-классты 61 миң бүтүрүүчү аяктап жатат. (SA)