Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:37

Трамп Жакынкы Чыгышка 1,5 миң аскер жөнөтөрүн жарыялады


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен мамиле курчуп турган кезде Жакынкы Чыгышка 1,5 миң аскер кызматкерин жөнөтмөй болду. Буга чейин ал мындай кадамга барбай турганын айткан.

- Биз Жакынкы Чыгышта коргоого ээ болушубуз керек. Ал жакка анча көп эмес аскер жөнөтөбүз. Абдан таланттуулар барат. Болжол менен 1,5 миң адам, - деди ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Кошмо Штаттардын президенти бул кадам аймакта жайгашкан америкалык аскердик күчтөрдү коргоо максатында жасалып жатканын айтты.

Айдын башында Кошмо Штаттар Иран менен жаңжал чыгып кетиши ыктымал экенин билдирип, Жакынкы Чыгышка жана Перс булуңуна кошумча аскерлерин жөнөткөн.

Тегеран дооматтарды четке кагууда. Ирандын президенти Хасан Роухани 23-майда анын өлкөсү бомбаланса да АКШга багынып бербей турганын айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG