Москвада өткөн «Алтын бешилик» аттуу эл аралык кинофестивалда кыргызстандык режиссер Караш Жанышовдун тасмасы байгелүү орунга татыды. Анын «Кош бол» тасмасы жеңүүчүлөрдүн бири болуп табылды.
Жалпысынан фестивалга 1013 тасма келип түшкөн. Ал эми «Кыска метраждуу көркөм тасма» категориясында 14 тасма сынакта ат салышкан.
Буга чейин «Кош бол» фильми Германиядан жана Грузиядан байгелүү кайткан.
Артыкпай Сүйүндүков көркөм жетекчи болгон фильм Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин базасында «Айтыш фильм» киностудиясынын техникалык колдоосу менен тартылган.
Анда балдар үйүндө тарбияланган жеткинчектердин жашоо-турмушу чагылдырылган. (ATo)