Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:59

26-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

26-майда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан-жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде мөндүр жаашы ыктымал. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26;

Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23;

Баткенде түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27;

Ысык-Көлдө жана Нарында түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5 градус болот.

Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 19…21° болот.

XS
SM
MD
LG