Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:11

КСДП: Мусакеев Атамбаевди «сатпаганы» үчүн соттолду


Дамир Мусакеев.
Дамир Мусакеев.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын экс-президент Алмазбек Атамбаевди колдогон мүчөлөрүнүн саясий кеңеши бүгүн 25-майда жыйынга чогулуп, билдирүү кабыл алды.

Билдирүүдө Дамир Мусакеев Атамбаевди «сатып кетпегени», анын коопсуздугун камсыз кылып жатканы үчүн камалганы айтылат.

«Батирлерди атайын комиссия бөлүштүргөн. Мусакеев анын курамында болгон эмес. Ал мамлекетке да, адамдарга да эч кандай материалдык зыян келтирген жок» деп билдиришти социал-демократтар. Ошону менен катар алар өлкө жетекчилигин «саясий оппоненттерине карата репрессия уюштуруп жатат» деп айыпташты.

Бийлик тараптан бул билдирүүгө азырынча жооп боло элек.

24-майда Бишкектин Свердлов райондук соту Атамбаевдин жансакчысы, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Дамир Мусакеевди беш жылга эркинен ажыратты. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгын (мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматы) жетектеп турганда кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн деген негизде сот залынан камакка алынды.

Мусакеев коюлган айыпты негизсиз деп атаган. (RK)

XS
SM
MD
LG