Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:50

Өспүрүмдөр колониясында да «Акыркы коңгуроо» салтанаты өттү


Өспүрүмдөр колониясы. 25-май, 2019-жыл.
Өспүрүмдөр колониясы. 25-май, 2019-жыл.

Кыргызстандагы өспүрүмдөр колониясында «Акыркы коңгуроо» салтанаты өттү. Балдар түрмөсүнүн мектебинде быйылкы окуу жылы соттолгон жана шектүү катары тергөө абагында кармалып турган 24 бала билим алды. Алардын үчөө 9-классты, бирөө 11-классты аяктады.

Окуу жылынын аякташына арналган иш-чарада сүйлөп жатып мектеп директору Жаныбек Баялинов балдардын окуусуна толук шарт түзүлгөнүн билдирди:

- Биз балдарга болушунча көңүл бурганга аракет кылабыз. Жакында эле компьютер алып бердик, Интернетибиз бар. Аккредитациядан да жакшы өттүк. Мугалимдерибиз баары тең тажрыйбасы бар адистер.

Мугалимдер балдарга ийгилик жана эркиндикке тезирээк чыгышын каалашты.

25-майда 8-класстын бир окуучусу соттун чечими менен шарттуу түрдө бошотулду.

Өспүрүмдөр кармалуучу жалгыз колония Чүйдүн Панфилов районунда жайгашкан. Балдарга мектеп программасынан сырткары кесиптик билим да берилет. (AiA)

XS
SM
MD
LG