Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02

Зеленский Меркел менен Украинанын чыгышындагы абалды талкуулады


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын жаңы президенти Владимир Зеленский Германиянын канцлери Ангела Меркел менен телефондон Украинанын чыгышындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча аракеттерди талкуулады.

Тынчтык сүйлөшүүлөрүн, анын ичинде Украина, Орусия, Германия жана Франция кирген форматтагы аракеттерди улантуу зарылчылыгы айтылды.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия эгер сүйлөшүүлөрдөн майнап чыгарына көзү жетсе ага катышуудан баш тартпай турганын билдирди.

2014-жылдын апрелинен бери Украинанын чыгышындагы согуштан 13 миңдей адамдын өмүрү кыйылды. (RK)

XS
SM
MD
LG