Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

КДКнын түзүлгөнүнө 29 жыл болду


КДКнын Бишкектеги жыйыны, 1991-жыл.
КДКнын Бишкектеги жыйыны, 1991-жыл.

Бул тууралуу Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) төрагасы, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди. Ал кыймыл өз катарынан бир катар саясий лидерлерди жана «Асаба», «Ата Мекен», «Эркин Кыргызстан» сындуу партияларды чыгарганын айтты:

- Кыргызстан демократиялык кыймылы кыргыз демократиясынын түптөлүшүнө, өкмөттүк эмес уюмдардын жана саясий партиялардын пайда болушунун башында турган.

КДК өлкө эгемендик алган жылдары жаралып, чоң саясий өзгөрүүлөр менен жаңылануунун башында турган. Үч жылдан кийин партия түзүлүп, кыймыл жоюлган.

2016-жылы уюм кайрадан кыймыл катары ишин улантып, уставы кабыл алынып, жетекчилери шайланган. Турсунбек Акундун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө жер-жерлерде кыймылдын 3000ге жакын мүчөлөрү бар. (BTo)

XS
SM
MD
LG