Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:07

Кыргызстанда насыя алган адамдар көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ушул жылдын январь-март айларына карата чакан насыя берүүчү уюмдар тарабынан 133,8 миң адамга 6215,5 млн. сом насыя берилди. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 36,4 пайызга же 35,7 миң адамга, ал эми берилген насыянын суммасы 1506,8 млн. сомго көп.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, насыя алгандардын сап башында Ош облусунун жашоочулары турат. Бул облустун тургундарына берилген акча насыянын жалпы көлөмүнүн 20,3 пайызы же 1261,4 млн. сом туура келет. Бишкек шаары - 19,0 пайыз же 1179,7 млн. сом. Андан кийин Жалал-Абад облусу - 14,6 пайыз же 907,1 млн. сом. Чүй облусу 13,7 пайыз же 849,5 млн. сом.

Насыянын 47,6 пайызы, башкача айтканда 2956,1 млн. сом алты айдан 12 айга чейинки мөөнөткө берилген. Берилген насыялардын жалпы көлөмүнүн 36,9 пайызы - айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 22,3 пайызы - керектөөчүлүк муктаждыктарга, 13,3 пайызы - соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө багытталган.

1-апрелге карата берилген чакан насыялар боюнча карыз 16 852,4 млн. сомду түздү. (BTo)

XS
SM
MD
LG